Биз социалдык тармакта

Баткенде жаңы ыкма менен бадам эгилүүдө 

Баткенде деградацияланган жерлерди жашылдандыруу боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу облустук жетекчиликтен кабарлашты.
Маалым болгондой, жаңы ыкма биогумус менен топурактын аралашмасынан даярдалган тоголокторго бадам дарагынын үрөндөрүн кошуу аркылуу ишке ашырылууда. Үрөн Кадамжай районунун Үч-Коргон токой чарбасынын аймагында 8 гектар аянтка себилүүдө. Бул технология кургакчыл жана климаттык шарттары катаал аймактарда жогорку натыйжалуулугун көрсөтүп келери белгиленген.
Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлү Олег Гучгельдиев, токой чарба кызматкерлери катышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан