
Эл аралык "Ош" аэропортунда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн алтын буюмдарды мыйзамсыз алып кирүү аракети аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө өлкөгө тиешелүү коштомо документтери жок, жалпы баасы 1 миллион сомдон ашкан алтын буюмдарды (шакек, сөйкө жана чынжырлар) алып кирүү аракети аныкталган.
Бул факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына жөнөтүлдү.