Замир Искaков Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу 5-мартта мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы 5-мартта кол койду. Замир Искаков жол чарба жана транспорттук инфраструктура тармагында көп жылдык тажрыйбасы бар адис. Ал "Кыргызавтожол-Түндүк" МИге караштуу №19 ЖТИ жана №39 ЖТИни жетектеген.
Мындын тышкары "Бишкекасфальтсервис" МИде жол чарба бөлүмүнүн башчысы жана Транспорт министрлигине караштуу долбоорлорду ишке ашыруу тобунда көлөмдөр боюнча инженер болуп эмгектенген.