Бүгүн, 5-мартта Ош шаарындагы Бабур атындагы Ош мамлекеттик музыкалык драма театрында 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулган “Дүйнөнү өзгөрткөн аял” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери сыйланды.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова ошондой эле ар кыл тармакта иштеген аялдар жана жергиликтүү тургундар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө сынактын жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине дипломдор, ыраазычылык баракчалар жана китептер менен окуу куралдарын алууга сертификаттар тапшырылды.