Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда умрага барууга убактылуу чектөө киргизилди

Кыргызстанда умра сапарына барууга убактылуу чектөө киргизилди. Мындай чечим 7-марттагы муфтияттын жыйынында кабыл алынды.
Жыйынга муфтий Абдулазиз Закиров, Коргоо кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков баштаган тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышышты.

Анда Сауд Араб Падышалыгына сапар алган кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана өзгөчө умра зыяратын өтөө үчүн барып калып калган жарандарды мекенге кайтаруу маселелери талкууланды.

Жыйындын соңунда төмөнкү тапшырмалар берилди:
• Абал турукташканга чейин кыргыз жарандарынын умра сапарына баруусуна убактылуу чектөө киргизүү;
• Туристтик компанияларга жана авиакомпанияларга кырдаал турукташканга чейин умрага барбоону сунуштоо.

Учурдагы абалга жараша ыңгайлуу аба жолдору менен «Жазира», «Флайнас», «Эйр Арабия» жана башка авиакомпаниялар аркылуу токтоп калган каттамдарды кайра жандандыруу аракеттери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан