Бишкекте 12 жаштагы өспүрүмгө кол көтөрүүгө шектелген 37 жаштагы жаранга чара көрүлдү. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2 күн мурун, тагыраагы, 6-мартта шектүү калаанын Дача-СУ 5-линия көчөсүндө өспүрүмдү сабаган. Баланын чоң атасы милицияга арыз жазуудан баш тартып, тараптар өз ара чечишип алышканын айткан.
Бирок милиция фактыны каттоо алып, шектүүгө карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен протокол түзүп, райондук сотко жеткирилген.