Биз социалдык тармакта

Комада жатат... Бишкекте киши сүзүүгө шектелген желмаяндын айдоочусу кармалды

Бишкекте 47 жаштагы жаранды сүзүп, качып кетип калган деген шек менен желмаяндын 39 жаштагы айдоочусу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-мартта Кайгуул кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 2-март күнү саат болжол менен 20:40 чамасында Асаналиев көчөсүндө болгон. Желмаяндын айдоочусу окуядан бир күн өтүп колго түшкөн. Текшерүүдө ал жол кырсыгын жасаган учурда мас абалында болгону аныкталган. Айдоочу мындан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Кайгуул кызматы ал эми жөө жүргүнчү алган оор жаракаттарынан улам учурда комада жатканын кошумчалады.

Бишкекте киши сүзүүгө шектелген желмаяндын айдоочусу кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан