АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык аскерлерди Ирандын аймагына олуттуу себептер болсо гана жөнө турганын билдирди.
"Мен бул суроого жооп бергим келбейт. Аскерлерди жөнөтүү мүмкүнбү? Ооба, бирок абдан олуттуу себеп болгондо гана", - деди ал жекшемби күнү журналисттерге.
Суроолорго жооп берип жатып, Трамп АКШнын аскерлери кийинчерээк Ирандын байытылган уран запастарын көзөмөлгө алышы мүмкүн экендигин жокко чыгарган жок.