Аман жана Эсен аттуу эгиз жол тескөөчүлөр окшош унаалар менен айымдарды куттукташты. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирип, видео жарыялады.
Анда эгиздердин бири айым айдоочуларды тосуп, коё бергенден кийин, экинчиси 150-200 метрдей аралыктан ошол эле айдоочу айымды кайра тосуп алып турган. Видеодон айымдардын таң калып, күлгөнүн көрүүгө болот.
Өз кезегинде айымдарга белектер берилген.