
Бүгүн, 9-мартта саат 07:23тө Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.
Жер титирөөнүн очогу Алай районунда, Бор-Дөбө айылынан түндүк-чыгышты көздөй 6 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бор-Дөбө айылынын тургундары жердин силкинүүсүн 3 баллга чейин сезишкен.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.