Биз социалдык тармакта

Чек арага жакын жашаган тургундар жаңы конушта киреше табууну көздөп ишкерлик кылышууда

Баткен районунун Жаңы-Достук айылынын тургундары жаңы конушта турмуш-тиричилигин жолго коюп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Белгилүү болгондой, өткөн жылы Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгында алмашылган аймактардан көчкөн эл үчүн айылга 181 үй курулган.

Мамлекет тургундардын чарбалык курулуштары жана бак-дарактары үчүн ири өлчөмдөгү компенсациялык каражаттарды төлөп берген. Баткен району боюнча 139 жаранга 1 миллион сомдон, 173 жаранга 500 миң сомдон каражат берилсе, жалпы райондук администрацияга 225,5 миллион сом бөлүнгөн. Лейлек районунда 63 жаранга 1 миллион сомдон, 21 жаранга 500 миң сомдон каражат которулуп, жалпы 73,5 миллион сом бөлүнгөн.

Маанилүүсү, айрым тургундар мамлекет тарабынан берилген компенсацияларды туура пайдаланып, өз алдынча ишкерликти баштап, киреше табуунун аракетин көрүп жатышат. Бул жаңы конуштун социалдык-экономикалык абалын чыңдоого, тургундардын күнүмдүк турмушун жакшыртууга өбөлгө түзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан