
6-мартта Бишкектеги Фрунзе үй-музейинде “Уркуя Салиева – кайраттуулуктун жана эркиндиктин символу” аттуу көргөзмө ачылды.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, көргөзмө Кыргызстандагы социалдык өзгөрүүлөр доорунун көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болгон Уркуя Салиеванын өмүрүнө жана эрдигине арналган.
Экспозицияда анын өмүр баяны, коомдук ишмердүүлүгү жана 1920-1930-жылдардагы тарыхый доор чагылдырылат. Архивдик сүрөттөр, документтер жана “Отко таазим” көркөм тасмасы аркылуу коомдун жаңылануусу жана аялдардын тең укуктуулугу үчүн күрөшкөн Уркуя Салиеванын образы ачылып берилет.
Көргөзмө кыргыз коомунун өнүгүшүндөгү аялдардын ролун терең түшүнүүгө багытталып, 20-мартка чейин уланат.