Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы 11-мартта Стамбул шаарында өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу украиналык NV радиосу өз булагына таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Орусия, АКШ жана Украина өкүлдөрүнүн катышуусундагы сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы ушул күндөрү өткөрүлүшү күтүлүүдө.
Буга чейин сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раунду 17–18-февралда Женева шаарында өткөн. Жыйынтыгында Орусия делегациясынын башчысы Владимир Мединский жакын арада жаңы жолугушуу болорун билдирген.
Ал эми Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров сүйлөшүүлөрдө белгилүү бир алдыга жылыш болгонун айткан.