Бишкек шаарынын мэриясынын буйругуна ылайык, шаарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык ишембилик жарыяланды.
Маалыматка ылайык, мөөнөтү 14-марттан 16-майга чейин.
Ишембиликтин алкагында пландалган иштер:
• Көчөлөрдү, парктарды, скверлерди жана короолорду санитардык тазалоо.
• Бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу, коомдук жайларды көрктөндүрүү.
• Ишканалар, уюмдар жана мекемелердин айланасын талаптагыдай абалга келтирүү.
Бардык менчик ишканалар, уюмдар жана мекемелер да ишембиликке тартылат. Административдик райондордун башчылары муниципалдык башкармалыктар менен биргеликте иштерди уюштуруп, координациялайт.
Ошондой эле шаар тургундары, турак жай менчик ээлери жана коомдук уюмдар катышууга чакырылат, аймактарды таза кармоо, таштандыны өз убагында чыгаруу жана санитардык абалды көзөмөлдөө милдети коюлган.
Ишембилик Бишкек шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу, санитардык абалын чыңдоо, жашылдандыруу жана шаар аймагын көрктөндүрүү максатында өткөрүлүүдө.
Мэрия шаардыктарды активдүү катышууга чакырат.