Франция президент Эммануэль Макрондун жетекчилигинде Ормуз кысыгында кемелерди коштоо операциясын даярдап жатат. Бул тууралуу француз басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, аталган миссия коргоо жана коштоо мүнөзүндө болот. Европалык жана Европадан тыш мамлекеттер менен биргеликте иштелет.
Макрондун айтымында, бул миссия контейнер ташуучу жана танкер кемелерди коопсуз коштоо менен Ормуз кысыгын акырындап ачууга мүмкүндүк берет.