Биз социалдык тармакта

Канада өкмөтү TikTok’тун өлкөдө иштөөсүнө уруксат берди

Канаданын өкмөтү өлкөдө TikTok платформасынын ишин улантуусуна жана инвестицияларды жүргүзүүсүнө уруксат берди. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Мындай чечим компаниянын Канададагы бөлүмү юридикалык жаңы милдеттенмелерди кабыл алганына байланыштуу кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, платформа канадалыктардын жеке маалыматтарын коргоону күчөтөт жана жашы жете элек колдонуучулар үчүн кошумча коопсуздук чараларын камсыз кылат. Ошондой эле маалыматтарга көз карандысыз үчүнчү тарап мониторинг жүргүзүп турат.

Белгилей кетсек, Канада бийлиги TikTok платформасына каршы чараларды 2024-жылдын ноябрында баштаган. Ошол учурда өлкөнүн Өнөр жай министрлиги улуттук коопсуздукка коркунуч жаратышы мүмкүн деген негизде TikTok’ту жабуу боюнча буйрук чыгарган. Бийлик өкүлдөрү бул платформа кытайлык ByteDance компаниясына таандык болгонун белгилеп, ал колдонуучулар тууралуу маалыматтарды чогултуп, тыңчылык кылышы мүмкүн деп кооптонушкан.

Бирок январь айында Канаданын федералдык соту өкмөттүн бул чечимин жокко чыгарып, бул платформанын ишин улантууга уруксат берген жана Оттавага бул ишти кайра карап чыгуу тапшырмасын берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан