Чүйдө спирт ичимдигин ичип отуруп шеригине дене жаракатын келтирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 7-мартта Кара-Жыгач айылында эки жаран спирт ичимдиктерин ичип отуруп уруша кетишкен. Пикир келишпестик учурунда 1964-жылы туулган И.А. аттуу жаран 1965-жылы туулган Б.Б. аттуу шеригин таяк менен сабаган.
Жабырлануучу азыр №4 шаардык оорукананда дарыланып жатат. Шектүү кармалып, окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду.
Тергөө уланууда.