Биз социалдык тармакта

Трамп Иран менен согуш дээрлик бүтүп калганын айтты 

АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы согуш дээрлик бүтүп калганын билдирди. Бул тууралуу Трамп кечээ, 9-мартта жергиликтүү CBS News телеканалына берген маегинде айткан.

"Менин оюмча, Иран менен согуш дээрлик бүттү. Алардын азыр деңиз флоту, байланышы, аба күчтөрү жок. Аскердик көз караштан алганда, аларда эч нерсе калган жок",- деген АКШнын лидери.

Ошол эле учурда Трамп журналисттин "операцияны бир жуманын ичинде бүтүрүү мүмкүнбү?" деген суроосуна "жок" деп жооп берген.

Буга чейин Ак үй башчысы Ирандагы согуштук аракеттерди токтотуу чечимин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен биргеликте кабыл аларын билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан