Иран элитасынын мүчөлөрү өз өлкөсүнө карата эл аралык санкцияларга карабастан, чет өлкөлөрдө көптөгөн байлыктары бар. Ирандын жаңы жогорку лидери Можтаба Хаменеи да четте калган эмес.
Bloomberg агенттигинин маалыматы боюнча, анын жүздөгөн миллион долларлык чет элдик активдери бар. Активдеринин арасына Европадагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлк кирет. Бул мүлктөр болжол менен 200 миллион фунт стерлингге бааланат.
Активдер түздөн-түз Хаменеиге эмес, бизнесмен Али Ансариге жана оффшордук компаниялардын тармагына катталган. Каражаттар Ирандын мунайын сатуу үчүн санкцияларды бузуу схемалары аркылуу жумшалган болушу мүмкүн.
Агенттик ошондой эле Дубайда вилласы жана Франкфурт менен Майоркада мейманканалары бар экенин кошумчалайт.