Биз социалдык тармакта

Акыйкаттык издеген Айгерим президенттен жардам сурайт

23 жаштагы Айгерим томолой жетим экенин айтып, SUPER.KG порталына өзүнүн оор тагдыры тууралуу баяндады. Анын айтымында, ал 8 жашында апасынан айрылып, атасын өмүрүндө көргөн эмес. Айгеримдин сөзүнө караганда, 22 жашында аны айылдашы зордуктаган. Бирок ал бул окуядан 20 күн өткөндөн кийин гана милицияга арыз жазган. Экспертизанын жыйынтыгы кылмышты тастыктай албагандыктан, иш кыскартылган.

Мындан сырткары апасынан мурас болуп калган үйүн алармандын убадасына алданып, арзан баада сатып жиберген. Курбуларынын сөзүнө ишенип, 2 миллион сомдон да кол жууганын айтты.

Видеону толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрүңүздөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nyrbekali87
2026-03-10 22:41:00
Өч алуу максатында зордуктады, алдап кетти - деп калп ыйлаган кыздарга катуу жаза каралыш керек. Акыркы күндөрү жалган жалаа менен бирөөнүн тагдырын талкалоо адат болуп баратат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан