Биз социалдык тармакта

АКШ жана Израилдин соккусунан Иранда үч адам каза болду

Ирандын борбор шаарынын жанындагы аймакка жасалган соккудан үч адам каза болуп, дагы 33 адам жаракат алды. Бул тууралуу Nour News агенттиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, Вахдат-Фардис районундагы чабуул “америка-сионисттик сокку” деп мүнөздөлгөн. Натыйжада үч адамдын өмүрү кыйылып, ондогон тургундар жаракат алган.

Белгилесек, 28-февралдан тарта АКШ жана Израиль Иран аймагындагы бир катар объектилерге, анын ичинде Тегерандагы айрым жайларга сокку ура баштаганы айтылууда. Чабуулдардын кесепетинен кыйроолор болуп, жарандар арасында курмандыктар бар экени кабарланды.

Өз кезегинде Иран жооп иретинде Израилдин аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объектилерине сокку урганын билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан