АКШнын Southwest Airlines авиакомпаниясына таандык учак Теннесси штатынан Флоридага учуп бара жатканда Атланта шаарына конууга мажбур болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
Учак конгондон кийин учакка атайын багыттагы күч түзүмдөрү кирип келип, терроризмге шектүү жүргүнчүлөрдүн бирин кармашкан.
Кийинчерээк кармалган адам мусулман экени белгилүү болгон. Учуу учурунда телефонундагы намаз убактысын эскерткен тиркеме иштеп кетип, азан үнү жаңырган. Экипаж бул үндү коопсуздукка коркунуч катары кабыл алып, диспетчерге кабар берген.
Мындан улам, учакты жана жүктөрдү атайын адистер текшерип чыгышкан. Жыйынтыгынды эч кандай коркунуч жок экени аныкталып, кармалган жүргүнчү бошотулган.