Биз социалдык тармакта

Караколдун жаңы мэри Талантбек Иманов пландарын айтты

Каракол шаарына жаңы мэр болуп шайланган Талантбек Иманов шаарды өнүктүрүүгө багытталган негизги пландарын билдирди. Ал бул тууралуу өзүнүн Фейсбук баракчасында жазды.

Анын айтымында, Каракол өзү туулуп-өскөн, жүрөгүнө жакын шаар болуп саналат.

"Бул шаардын ар бир көчөсү, ар бир бурчу мен үчүн өзгөчө мааниге ээ. Караколдо менин балалыгым өтүп, жашоого болгон көз карашым калыптанган. Бүгүн мага Каракол шаарына кызмат кылууга мүмкүнчүлүк, ошол эле учурда чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Көрсөтүлгөн ишенимди актоо үчүн күн-түн дебей талыкпай эмгектенүүгө даярмын. Алдыда туризмди өнүктүрүү, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана шаардын экономикасын көтөрүү боюнча масштабдуу пландар бар",- деди ал өз билдирүүсүндө.
Жыйынтыгында ал шаар тургундары көрсөткөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, бардык пландарды биргеликте ишке ашырууга чакырды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан