Биз социалдык тармакта

БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кечээ, 10-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы жыйында Панфилов, Ысык-Көл, Талас, Ноокен, Алай жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

  • Панфилов районунун Орто-Кайыңды айылдык кеңешинин депутаты Үмөтов Бейшембай Жеенкуловичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулду;
  • Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Уралиева Айгүл Замировнанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат кийинки талапкер Абдыракманова Чынара Алмазбековнага (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
  • Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Зайнидинов Муканбет Жожобаевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат кийинки талапкер Шериппаев Улан Култашыровичке (“Бирге-Вместе” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
  • Ысык-Көл районунун Жусуп Абдрахманов айылдык кеңешинин депутаты Халиалдаева Гүлниза Мегматовнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат кийинки талапкер Орозакунов Жумадилге өткөрүлүп берилди;
  • Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты Канатбеков Арстанбек Канатбековичтин (“Улуу Кыргызстан” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат кийинки талапкер Абазбеков Элдар Абазбековичке (“Улуу Кыргызстан” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
  • Талас районунун Шумкар-Уя айылдык кеңешинин депутаты Алкан кызы Рыскүлдүн ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат кийинки талапкер Мамбеталиева Айниза Мансуровнага өткөрүлүп берилди;
  • Алай районунун Жибек-Жолу айылдык кеңешинин депутаты Бекмурзаев Гүлжигит Бурканбековичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулду;
  • Гүлчө шаардык кеңешинин депутаты Таласбеков Султанбек Таласбековичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат кийинки талапкер Алиев Мелис Сыдыковичке өткөрүлүп берилди;
  • Ноокат районунун Кара-Таш айылдык кеңешинин депутаты Маматкулов Абубакир Туратбаевичтин жергиликтүү кеңештин жыйналыштарына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпагандыгына байланыштуу токтотулуп, бош калган мандат кийинки талапкер Арынов Эрнис Примбердиевичке өткөрүлүп берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан