Жаш ата-энелер үчүн окуу программаларын иштеп чыгуу жана курстарды өткөрүү жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бул "Жаштар жөнүндө" мыйзамды ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана үй-бүлө институтун чыңдоого, жоопкерчиликтүү ата-энеликти калыптандырууга жана жаш үй-бүлөлөрдүн психологиялык-педагогикалык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган.
Токтомдун негизги милдети - никеге туруучу адамдар, ошондой эле жаш ата-энелер үчүн окуу программаларынын түзүмүнө жана окутуу курстарын уюштуруу тартибине бирдиктүү талаптарды белгилөө болуп саналат.
Токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан (макулдашуу боюнча), ошондой эле башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.