Социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев менен мурдагы депутат Жусупбек Коргонбай уулунун сүлөшүүсү жаздырылган аудио тарап жатат.
Анда кеп так эмне жөнүндө болуп жатканы түшүнүксүз. Экс-депутаттын айтканына караганда, сүйлөшүү Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалыгынан алынгандан кийин болгон.
Буга чейин интернет желесинде алардын Грузиядагы кумарканада 1 миллион 320 миң доллар уттуруп жиберишкени тууралуу сүйлөшүшкөн видеосу тараган. Коргонбай уулу казиного карыз болгону тууралуу кептерди ырастаган.