Биз социалдык тармакта

Кадамжайда алдамчылыкка шектелген жаран Бишкектен кармалды

Баткен облусунун Кадамжай районунда алдамчылыкка шектелген жаран Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу 11-мартта облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү Үч-Коргон айыл аймагынын тургунунан 22 тонна көк алманы 900 миң сомго баалап алып, анын 450 миң сомун гана берип, калган 450 миң сомун бир жуманын ичинде төлөп берерин айткан. Бирок бүгүнкү күнгө чейин акчасын берген эмес.
Мындан тышкары, Майдан айыл аймагынын Кара-Кыштак айылынын тургуну да милицияга арыз менен кайрылган. Арызында 2024-жылдын 17-декабрь күнү А. аттуу жаранга 1 фура курманы 418 миң сомго баалап, бир жумага бергендигин, бирок ушул күнгө чейин акчасы төлөнбөй жатканын билдирген. Натыйжада жогорудагы эки арыздануучуга жалпы 868 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 30 жаштагы Н.А. аттуу Аксы районунун тургуну Бишкек шаарында жашырынып жүргөн жеринен кармалды.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан