Мототранспортторду айдаш үчүн А категориясына 2 ай окуу керек. Бул тууралуу бүгүн, 11-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Унааларды жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинин директорунун орун басары Толубай Жакишев билдирди.
Ал ошондой эле А категориясын окугандар А1 категориясын алыш үчүн медициналык маалымкатты берип, анан практикалык сынактан өтүшү керектигин кошумчалады.