Ирандын Ислам революциялык сакчылар корпусу (КСИР) Кувейттеги америкалык аскердик базага жасалган соккудан 100дөн ашуун америкалык аскер жаракат алганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, сокку Аль-Адири авиабазасы деген тик учактык базага жасалган. Иран тарап ракеталар жана дрондор колдонулганын айтып, базанын аймагындагы бир катар объекттер жабыркаганын билдирген.
Бирок азырынча бул маалыматты АКШнын Коргоо министрлиги расмий түрдө тастыктай элек. АКШ тараптан жаракат алгандар боюнча так маалымат берилген жок.
Акыркы күндөрү Иран менен АКШнын ортосундагы чыңалуу күчөп, Жакынкы Чыгыштагы бир нече аскердик базалар бутага алынууда.