Бүгүн, 11-март күнү Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында укук бузуулардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын №1 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Артур Соодонбеков жана коомдук коопсуздук кызматынын башчысы, милициянын майору Урмат Байсогуров катышып, Ак-Ордо-3 конушунун тургундары менен жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушуунун алкагында милиция кызматкерлери көчмө кабылдама автоунаасы аркылуу тургундардын суроолорун угуп, төмөнкү маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү:
• үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу
• киберкылмыштуулукка каршы күрөш
• мыйзамсыз жер басып алууга жол бербөө
• видеокөзөмөл камераларын орнотуунун артыкчылыктары
• коомдук коопсуздукту камсыз кылуу
Мындан тышкары жарандардын кайрылуулары жеринде кабыл алынып, тиешелүү укуктук кеңештер берилди.
Ленин райондук ички иштер башкармалыгы мындай профилактикалык иш-чаралар жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана коомдук тартипти бекемдөө максатында мындан ары да улантыларын билдирди.