Бүгүн, 12-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Табылды Муратбеков малчылар алыскы жайыттарга барууда кыйынчылыктарга туш болуп жатканын билдирди.
Эл өкүлү алгач малчыларга шарт түзүп, андан кийин алыскы жайыттарга жиберүү керектигин белгиледи.
"Биз жакынкы жайыттар деградация болду деп, малчыларды алыскы жайыттарга жөнөтүп жатабыз. Мисалы, Ак-Суу менен Түптүн малчылары сыртка Сары-Жазга чыгышат. Ал жакка баруу үчүн атайын шарттар киргизилиптир, атайын чек ара кызматына барып, акчасын төлөп анан өтүшөт экен. Албетте, мамлекеттин коопсуздугу үчүн көрүлгөн чараларды колдойбуз. Жайыттарды эс алдарып, алыскы жайыттарга баруу керек, муну да колдойбуз. Бирок малчылар алыскы жайыттарга баралы десе, ал жакка жетүү оор",- деди депутат.