Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин өлүмүнө тиешеси барлар жакын арада жазасын алышат. Бул тууралуу Ирандын Орусиядагы элчиси Казем Жалали билдиргенин РИА Новости басылмасы жазды.
"Бул кылмышка күнөөлүүлөрдү жазалоо чечими тиешелүү убакта Тегеранда кабыл алынат",- деген элчи.
Эске салсак, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңириз масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаганы кабарланды.
1-мартта АКШнын жана Израилдин аба соккуларынын натыйжасында Хаменеини каза болгону айтылып, өлкөдө 40 күндүк аза күтүү жарыяланган. Жогорку лидер жумуш ордунда набыт болгону айтылган.
Акыркы маалыматтарга таянсак, АКШ менен Израилдин Иранга карата аскердик операциясынан 1300дөн ашуун жай тургун набыт болду.