Биз социалдык тармакта

Израилдин Бейрутка урган соккусунан каза болгондордун саны өсүүдө

Кечээ, 11-мартта Ливандын борбору Бейрут шаарындагы пляжга жасалган соккудан каза болгондордун саны сегизге жетти.

Чет элдик басылмалар белгилегендей, өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги Израил тарабынан жасалган соккунун натыйжасында сегиз адам каза болуп, 31 адам жаракат алганын билдирди. Чабуул Рамлет аль-Байда пляжында болгон.

Ошол эле күнү Израилдин армиясы Ливандын Дахие районундагы "Хезболла" кыймылынын 10 объектине сокку урулганын билдирди. Маалыматта соккулар ракета учуруучу жайларга, согушкерлерге, ошондой эле чалгындоо штабына жана "Радван" бөлүгүнүн штабына жасалганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан