Жылнаама, 24-январь: Мындан 90 жыл мурун эң алгачкы кышкы олимпиадалык оюндар башталган

*Мындан 90 жыл мурун эң алгачкы кышкы олимпиадалык оюндар башталган. 1924-жылдын бул күнү Францияда Эл аралык олимпиада комитетинин колдоосу менен спорт боюнча эл аралык жумалык өткөн. Анда спорттун кышкы түрлөрү боюнча оюндар өткөрүлүп, көп өтпөй ал жумалык “Алгачкы кышкы олимпиадалык оюндар” деп аталып калган. 
*Мындан 62 жыл мурун “Советская Киргизия” гезитине Чыңгыз Айтматовдун макаласы жарык көргөн. Анда кыргыз тилиндеги айрым сөздөрдү жазуу маселесин көтөрүп, жумшак жана ичкертүү белгилерин киргизүү керектигин белгилеген. 
*1989-жылдын 24-январында америкалык киши өлтүргүч Теодор Роберт Банди электр отургучуна отургузулуп өлтүрүлгөн. Маалыматтарга караганда, ал 100гө жакын адамды өлтүргөн. 
*2003-жылдын бул күнү акын, жазуучу, сынчы Камбаралы Бобулов каза болгон. Ал 1936-жылы Ноокат районунда жарык дүйнөгө келген. Анын эмгек жолу 1958-жылы “Ала-Тоо” журналында адабий кызматкер болуп иштөөдөн башталган. Ошондой эле Бобулов 1990-1994-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан