Жогорку Кеңештин 12-марттагы жыйынында "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Айта кетсек, мыйзам долбооруна ылайык, жарандардын кайрылууларын кароо мөөнөтүн 14 жумуш күнүнөн 10 күнгө чейин кыскартуу сунушталууда.
Жыйында мыйзам долбоору менен эл өкүлү Бактыяр Калпаев тааныштырып, депутаттардын суроолоруна жооп берди.
"Бүгүнкү күндө жарандар мамлекеттик органдарга кайрылганда 14 иш күнү ичинде жооп берет. Учурда санариптештирүү иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу кайрылууларды кароо мөөнөтүн 14 иш күндөн 10 күнгө кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун демилгеледик",- деди депутат.
Талкуу маалында депутат Дастан Жумабеков мыйзам долбоорун колдой турганын айтып, бирок мыйзам долбоорундагы 3-пунктту кайра карап көрүүнү сунуштады. Айтымында, 3-пунктка ылайык, эгер кайрылууларга жетиштүү жооп даяр болбосо, аны 30 күнгө узартып алууга мүмкүнчүлүк бар.
"Мамлекеттик органдар 10 күнгө жетишпейбиз деп 3-пунктка токтоп, иш 1 айга созулуп кетет. Же аны дагы кыскартышыбыз керек",- деди эл өкүлү.
Жыйынтыгында парламентте аталган мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.