Чүй облусунун аймагында мыйзамсыз пайдаланылып келген 1076,2 чарчы метр жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу 12-мартта Айыл чарба министрлиги кабарлайт.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен пайдаланылып жатканы аныкталган. Натыйжада тиешелүү чаралар көрүлүп, жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөрүлдү.