Биз социалдык тармакта

Бишкекте баңгизат кылмышына шектүү 2 жаран кармалды (видео)

Бишкек шаарында баңгизат кылмышы боюнча 2 шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу 12-мартта ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-мартта “Притон” аталышындагы операциянын жүрүшүндө 1989-жылы туулган Р.А.А. аттуу жаран кармалып, тинтүү учурунда чөнтөгүнөн гашиш баңгизаты табылган. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенип жүргөн бул кылмыштуу топтун уюштуруучусу, 1975-жылы туулган С.Н.К. аттуу жаран аныкталып, анын үйүнөн ири көлөмдө ооган тектүү гашиш (чарс) табылып алынды.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.

Алынган баңгизаттар боюнча соттук-химиялык экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Бишкекте баңгизат менен 2 шектүү жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан