
1-апрелден тартып билим берүү системинин кызматкерлеринин эмгек акысы учурдагы деңгээлден 100 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билирди.
Маалым болгондой, президент Садыр Жапаровдун чечими мугалимдердин статусун жогорулатууга жана өлкөнүн өнүгүшүндө педагогдордун негизги ролун таанууга багытталган маанилүү мамлекеттик чара болуп саналат.
"Эмгек акынын жогорулашы окуткан предметине карабастан бардык мугалимдерге бирдей тиешелүү болот. Учурда STEM предметтеринин мугалимдеринин айлык акылары гана жогорулап, калган тарых, кыргыз тили жана география мугалимдериники жогорулатылбайт жана бул предметтердин сааттары кыскарууда деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Министрлик мектептеги ар бир мугалим келечек муунду тарбиялоо аркылуу мамлекеттик стратегиялык миссияны аткарат деген негизги принципти карманат",- деп белгиленген маалыматта.