Биз социалдык тармакта

Элвира Сурабалдиева аны "эркек" дегендерге таарынбай турганын айтты

Бүгүн, 12-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева аны "эркек" дегендерге таарынбай турганын айтты.

Эл өкүлүнүн мындай билдирүүсүнө парламенттин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимовдун аны тармактык комитеттин "төрагасы" деп бир нече жолу окуганы себеп болду.

"Сиз окуп жатканда, бул жактагы кесиптештерим "эмнеге сизди төрайым эмес, төрага деп жатат?" дешүүдө. Мен мындай нерселерге таарынбайм. Парламентте, эл арасында деле "эркек" дегенден кийин, бул жакта дагы төрага деп окуп жатсаңыздар керек",- деди Сурабалдиева.

Вице-спикер Жылдыз Таалайбек кызы регламентте төрага деп жазылып калганын айтты. Ибрагимов болсо Сурабалдиеваны "төрага" деп атоону улантты. Сурабалдиева мындан ары калыстык үчүн башка тармактык комитеттердин айым жетекчилерин да төрага деп окууга үндөдү.

.

Элвира Сурабалдиева "эркек" дегендерге тээрикпей турганын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан