Биз социалдык тармакта

Акчасын интернет шылуундарга алдырып жибергендер кайда кайрылса болот? 

Бүгүн, 12-марттагы парламент жыйынында "Банк чөйрөсүндөгү жана интернет тармагындагы алдамчылык кылмыштарына каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы тууралуу маселе каралды.

Анда депутат Элвира Сурабалдиева шылуундарга акча каражатын алдырып жиберген жарандар алгач кайда кайрылышы керектигине кызыгып, "Банк эсебинен акча жоголгонун билген учурда дароо кайда чалуу керек?",- деген собол узатты.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев банк эсебинен каражатын алдырып жиберген жаран дароо ички иштер органдарына кайрылса, аны кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү жогору болорун белгиледи.

"Алгач банк картасы кайсы банкка байланган болсо, ошол банкка чалышы керек. Андан тышкары, Ички иштер органдарына кабар бериши зарыл. Укук коргоо органдары кабар келери менен реакция кылышат.

Ири өлчөмдөгү криптовалюта менен алданып калган фактылар да бар. Алар дагы тез аранын ичинде кайрылышса, криптоэсептерге, криптобиржаларга каттарды жөнөтүп, токтотуп калууга мүмкүнчүлүгүбүз бар",- деди ал.

Депутат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан