"Манаска жаңы келгенде Ооганстанга келгендей болдум". Мындай билдирүүсүн бүгүн, 12-мартта Манас шаарынын жаңы дайындалган мэри Абдупата Маткаликов укук тартиби жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Координациялык кеңешмеде билдирди. Бул тууралуу видеону "Турмуш" басылмасы жарыялады.
Мэр жыйынга даярдыгы жок келгенин белгилеп, анын себебин жаңы дайындалганы менен түшүндүрдү.
"Мыйзам, тартип нөл экен да. Курулган үйлөрдү болсо "генералдын айтымы боюнча" деп эле кура беришиптир. Башка эч нерсе жок",- деди мэр.
Бул арада кеңешмеде төрагалык кылып жаткан президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев сөзгө аралашып, Манас шаарында кылмыштуулук көбөйгөнүн белгилеп, бул жаатта иш алып баруу керектигин айтты. Ошондой эле мэрдин кызматка дайындалышына канча күн болгондугуна кызыгып, шаар башчысы 10 күн өткөнүн белгиледи.
Текебаев кеңешмеге кечээ дайындалган Сузактын акими даяр доклады менен келгенин айтып, мэрге эскертүү берди.
Эскерте кетсек, Абдупата Маткаликов Манас шаарына 20-февралда мэр болуп дайындалган.