
Либериянын желеги алдында жүргөн Shenlong Suezmax мунай танкери Ормуз кысыгынан өтүп бара жатып автоматтык идентификация системасын өчүргөн жана 11-мартта Индиядагы Мумбай портунун терминалына жеткен. Бул тууралуу Hindustan Times басылмасы порттун жетекчилигине таянып
кабарлады.
Маалыматка караганда, танкер Ормуз кысыгынын кооптуу бөлүгүнөн өтүү үчүн транспондерлерин убактылуу өчүргөн. Бул башка кемелердин аны байкап калбашы үчүн жасалган.
Кемелердин автоматтык идентификация системасы – кеменин жайгашкан жери, багыты жана ылдамдыгы тууралуу маалыматтарды башка кемелерге жана аймактагы көзөмөл органдарына жөнөтүп туруучу система болуп эсептелет.
Shenlong Suezmax мунай ташуучу танкери миллиардер Жорж Прокопионун Dynacom Tanker Management аттуу грек компаниясына таандык. Ал танкерлерди Ормуз кысыгы аркылуу түн ичинде жана идентификация системасын өчүрүп өткөрүү чечимин кабыл алып, аларга аскердик тобокелчиликтер боюнча камсыздандыруу уюштурган.
Dynacom Tanker Management компаниясы башкарган кемелердин кеминде бешөө 28-февралдан 3-мартка чейин Перс булуңуна Ормуз кысыгы аркылуу кирген. Алардын баары идентификация системаларын өчүрүп, жашыруун өтүү тактикасын колдонушкан. Shenlong Suezmax танкери акыркы жолу 8-мартта Ормуз кысыгынан өтүп жатканын көрсөткөн сигнал жөнөткөн.