
Орусиянын Экинчи Батыш аймактык аскердик соту “Крокус Сити Холл” концерттик залына жасалган террордук чабуул боюнча 19 кишинин 15ин өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги
билдирди.
Маалыматка ылайык, өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы Шамсидин Фаридуни, Далерджон Мирзоев, Муродали Рачабализода жана Мухаммадсобир Файзовго, ошондой эле Умеджон жана Мустаким Солиевдерге, Шахромджон Гадоевго, Зубайдулло Исмоиловго, Хусейн Хамидовго, Мухаммад Шарипзодага, Якубджони Юсуфзодага, Назримад Лутфуллоиго, Джумахон Курбоновго, Хусен Медовго жана Джабраил Аушевге берилди.
Ошондой эле, сот жабырлануучулардын пайдасына 200 миллион рублдан ашык сумманы өндүрүп алды.
Эскерте кетсек, “Крокус Сити Холл” концерттик залындагы теракт 2024-жылдын 22-мартында болгон. Анда куралчан адамдар имаратка кирип, элге ок атышкан жана өрт коюшкан. Натыйжада 149 адам каза болуп, 609 адам жаракат алган.