Биз социалдык тармакта

Бишкекте 10дон ашык алдамчылыкка шектүү кыз кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү катары 26 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалым болгондой, Г.Н. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анда "Нурайым" аттуу жаран анын ишенимине кирип, Telegram мессенжери аркылуу акча каражаттарын көбөйтүү шылтоосу менен "трейдинг" тобуна кошконун билдирди. Жабырлануучу көрсөтүлгөн нускамаларды аткарып, электрондук капчыктарды ачкан. Андан соң белгисиз адамдар анын 40 миң сомун алып, байланышка чыкпай койгон.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголду. Натыйжада 2000-жылы туулган Н.И. аттуу жаран кармалды.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан шектүүнүн ушул сыяктуу 10дон ашык алдамчылык фактыларына тиешеси бар экенин аныкташты. Тергөө иш-чаралары улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан