Биз социалдык тармакта

Иран тарап согуш Нооруз майрамына чейин токтойт деп үмүттөнөт 

Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командиринин жардамчысы Рахим Сафави согуш Ноорузга чейин токтоп калышы мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу ал жергиликтүү басылмаларга маек берип жатып билдирген.

"Менин оюмча, Ирандын АКШ менен Израилге каршы согушу Ноорузга чейин бүтөт. Алар узакка созулган согушка туруштук бере албайт", - деген ал.

Ошондой эле Сафари АКШ менен Израилге каршы тынымсыз операцияларды уланта беришерин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаганы кабарланды. Учурда абал турукташа элек.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан