Биз социалдык тармакта

Киберкоркунучтарды мониторинг кылуу борбору: Биринчи этап аяктады

Бүгүн, 12-мартта Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин башчысы Азамат Жамангулов жана Эл аралык электр байланыш союзунун өкүлү Наталья Мочу киберкоркунучтарды мониторинг кылуу борборун түзүү боюнча долбоордун алгачкы жыйынтыктарын талкуулашты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында киберкоркунучтарды аныктоочу пилоттук мониторинг систем ишке кирди. Бул систем тармактагы мүмкүн болгон коркунучтарды аныктап, талдоо жүргүзүүгө жана маалыматтык коопсуздукту күчөтүүгө жардам берет.

Кийинки этапта системдин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана аналитикалык инструменттерди өнүктүрүү пландалууда. Бул чаралар өлкөдөгү киберкоопсуздукту бекемдеп, санариптик инфраструктураны коргоого багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан