Ирандын Тышкы иштер министрлиги жаңы жогорку лидер Моджтаба Хаменеи жаракат алганын расмий түрдө тастыктады. Ал жакын арада элге кайрылуу жасоону пландап жатканы айтылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Иран ТИМинин өкүлү Эсмаил Багаи италиялык Corriere della Sera басылмасына берген маегинде Моджтаба Хаменеи АКШ менен Израилдин алгачкы соккусу учурунда жаракат алганын билдирди.
"Ал жаракат алган, бирок өзүн жакшы сезүүдө. Биринчи кайрылуусун качан жасай турганын так айта албайм", — деди дипломат.
Белгилесек, 28-февралда АКШ жана Израил Ирандагы бир катар объектилерге, анын ичинде Тегеран шаарына сокку урган. Чабуулдун биринчи күнү Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болуп, өлкөдө 40 күндүк аза күтүү жарыяланган.
56 жаштагы Моджтаба Хаменеи буга чейин коомчулукка көп чыкпай келген, бирок атасынын ишенимдүү адамдарынын бири катары белгилүү. Анын биринчи расмий кайрылуусу сакайгандан кийин жасалары күтүлүүдө. Эксперттер бул аймактагы чыңалууну дагы күчөтүшү мүмкүн экенин белгилешет.