Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департамент жетекчилери менен бирге Бишкек шаарында курулуп жаткан жаңы мектептердин курулушу менен таанышып, иштерди жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр барган объектилердин бири – борбор калаанын Түштүк пландоо зонасындагы Токомбаев көчөсү, 15/8а дарегинде курулуп жаткан 750 орундуу жаңы мектеп. Долбоор боюнча билим берүү мекемеси үч кабаттан туруп, окуучулар үчүн бардык заманбап шарттар каралат. Учурда объектте жер казуу иштери жүргүзүлүүдө.
Министр курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, курулуштун темпин жогорулатуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле жаңы билим берүү объектилерин өз убагында пайдаланууга берүү өлкө үчүн маанилүү экенин белгиледи.
Эске салсак, Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2026-жылы Бишкек шаарында жалпысынан 20 жаңы мектеп курулууда. Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан жүргүзүлүүдө.