Биз социалдык тармакта

Артём Новиков баскетбол федерациясынын президенти болуп шайланды

Кыргыз Республикасынын Баскетбол федерациясынын кезексиз жыйынында Артём Новиков уюмдун президенти болуп бир добуштан шайланды.

Федерациянын маалыматына ылайык, жаңы жетекчи көрсөтүлгөн ишеним үчүн башкармалыктын мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, бүгүнкү күндө спортту өнүктүрүү жана жаштардын демилгелерин колдоо мамлекеттик саясатта маанилүү орунду ээлээрин белгиледи.

Анын айтымында, Садыр Жапаров өлкөдө спортту өнүктүрүүнүн зарылдыгын бир нече жолу баса белгилеп келген жана бул багытта олуттуу иштер жүргүзүлүүдө.

Артём Новиков федерация мындан ары балдар жана өспүрүмдөр баскетболун өнүктүрүүгө, улуттук курама командаларды күчтөндүрүүгө жана өлкө боюнча бул спорт түрү үчүн инфраструктураны кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурарын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан