Ирандын жаңы жогорку лидери Моджтаба Хаменеи биринчи кайрылуусунда Ормуз кысыгы басым көрсөтүүнүн куралы катары жабык бойдон каларын билдирди. Бул тууралуу CNN телеканалы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кайрылуу Ирандын мамлекеттик телеканалында окулуп берилген. Моджтаба Хаменеи азырынча коомчулук алдына чыга элек. Ал бул кызматка атасы – мурдагы жогорку лидер Али Хаменеи АКШ жана Израилдин соккуларынан каза болгондон кийин дайындалган.
Жаңы лидер Иран Ормуз кысыгын аймактагы таасир этүүчү рычаг катары колдоно берерин белгиледи. Ошондой эле ал Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскер базалары жабылбаса, Иран аларга сокку урууну улантарын эскертти.
Мындан тышкары Моджтаба Хаменеи АКШ менен Израил Иранга келтирилген зыян үчүн компенсация төлөшү керектигин айтты.
Ал сөзүндө Ирандын аймактагы союздаштарына – Йемендеги хуситтерге, Ливандагы "Хезболла" кыймылына жана Ирактагы проирандык топторго ыраазычылык билдирип, аларды күрөштү улантууга чакырды.
Кайрылуусунун бир бөлүгүн ал атасы Али Хаменеиге арнап, анын өлүмүн “шахиддик өлүм” деп атады.
Ошондой эле ал Минаб шаарындагы мектепке жасалган сокку тууралуу айтып, Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, анда кеминде 168 бала жана 14 мугалим каза болгонун белгиледи. Жаңы лидер бул окуя үчүн өч ала турганын билдирди.